АКШ террордук уюм ПКК менен ПЙДнин ортосундагы мамилени көрмөксөнгө салууда

Түркия талаптарын дагы бир жолу НАТОго мүчө мамлекеттерге билдирди.

526239
АКШ террордук уюм  ПКК менен ПЙДнин ортосундагы мамилени көрмөксөнгө салууда

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын ДЕАШка каршы күрөшүүсүн ПЙД аркылуу жүргүзүүсү туура эмес экенин белгиледи.

Варшавадагы НАТОнун саммитинин негизги күн тартибинин бири террорго каршы күрөшүү маселеси болду.

Ибрахим Калын ПЙД менен террордук уюм ПККнын ортосундагы мамилени АКШнын көрмөксөнгө салганын айтты.

Түркия, террордук уюмдарга каршы күрөшүү боюнча талаптарын дагы бир жолу уюмга мүчө мамлекеттерге билдирди.

Ошодой эле Европа Биримдиги менен жүргүзүлүп жаткан виза эркиндиги сүйлөшүүлөрүндө кыска мөөнөттүн ичинде чечүүчү жол табылышын күткөнүн айтты.



Тектеш кабарлар