Түркия менен Орусиянын карым-катнаштары ылдам түрдө калыбына келүүдө

Владимир Путин, Түркияга карай туристтик саякаттардын сатылышы жана чартердик каттамдарды камтыган санкциялардын жоюлушуна карата токтомго кол койду.

521837
Түркия менен Орусиянын карым-катнаштары ылдам түрдө калыбына келүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркияга карай туристтик саякаттардын сатылышы жана чартердик каттамдарды камтыган санкциялардын жоюлушуна карата токтомго кол койду.

Кремлдин маалымат борборунан маалымдашкандай Түркия өкмөтү менен Түркия жана Орусиянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштарга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө, жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 2015-жылдын 28-ноябрында күчүнө кирген экономикалык санкцияларга өзгөртүүлөрдү киргизүүлөр талкууланышына токтом чыгарылганы баяндалды.

Орусиянын премьер – министри Дмитрий Медведев кечээ берген маалыматында Түркияга карата экономикалык чектөөлөрдүн баскычтуу түрдө жоюларын белгилеген.

Орусиянын Транспорт министрлиги Түркияга тарифсиз каттамдарды кайрадан башташарын билдирди.

Бир тараптан Орусиянын вице – премьери Дмитрий Козак да Орусиянын борбор шаары Москвада берген маалыматында түрк курулуш фирмаларына коюлган чектөөлөрдүн жоюлушуна карата сунуштун эки жуманын ичинде даярдаларын белгиледи.



Тектеш кабарлар