Түркия террор менен күрөшүүдөн баш тартпайт

Эрдоган кызматкерлер менен ооз ачуу тамагында жолукту

521371
Түркия террор менен күрөшүүдөн баш тартпайт

Президент Режеп Тайып Эрдоган эч бир күчтүн Түркияны бөлө албай турганын баса белгилеп, террор менен күрөшүү темасында чечкиндүүлүк белгисин берди.

Президенттиктин комплексинде кызматкерлер менен ооз ачуу тамагында жолуккан Эрдоган, Түркиянын террор уюмдарынын бутасындагы өлкө катары оор сыноодон өтүп жатканын белгилеп: «Террорду, террордук уюмдарды, террордук кыймылдарды жеңип чыга турганыбызга эч шегим жок. Эртедир кечтир Кудай буюрса бул күрөштө жеңишке жетишебиз»,-деди.

Түркиянын эч качан бөлүнбөй турганын баса белгилеген Эрдоган: «Биздин мекенибизди бөлө алышпайт. Өздөрүнчө ушундай кыялдангандар бар. Бекер кыялданып жатасыңар. Мына карагылачы, бул операциялардын бардыгы эмне үчүн жүргүзүлүүдө? Бул мекендин жерлеринде биз сизге келип бир бөлүк жерди, шейитибиздин каны төгүлгөн жерди бербейбиз, тапшырбайбыз»,-деп айтты.

Эрдоган "Ататүрк" аэропортунда болгон терактка байланыштуу, «Бул карапайым адамдардын эмне күнөөсү бар? Мунун адамзат, абийирге байланышкан жагы барбы? Исламга тийиштүү жагы барбы? Жок! «Бир кишинин өлүмүнө себеп болуу бүтүндөй адамзаттын өлүмүнө себеп болууга тете» дейт биздин динибизде. Ушундай нерсеге кантип батынасың?»-деп айтты. Мамлекеттин ичинде экинчи түзүлүштү курууга аракет кылгандардын да ортого чыгарыла турганын жана тазалана турганын билдирген президент Эрдоган, Түркиянын 2023-жылга карата максаттарына сөзсүз жете турганын белгилеп өттү.

Президент: «Түркиянын чыныгы апааты бул террор окуялары эмес, максаттарынан жана идеяларынан баш тартуусу болот. Мына биз ушундан баш тартпайбыз. Улутубузду ушундай апаат менен бетме-бет калтырбайбыз»,-деди. Эрдоган Израиль менен «Мави Мармара» кемеси кол салуусунан кийин маселелүү болгон алакаларды оңдоо жолунда маанилүү кадамдар ташталганын билдирди. Ташталган кадамдардын түрк улуту жана палестиналыктар үчүн пайдалуу болушун тилеген Эрдоган, эртең Мерсинден Израилди көздөй 14 миң тонна гуманитардык жардам материалы жүктөлгөн кеменин чыга турганын белгиледи. Газа тилкесинде 200 орундуктуу мамлекеттик оорукананын салынып бүткөнүн баса белгилеген Эрдоган, оорукананын учурда медициналык аппараттары менен жабдылып жатканын, андан кийин ачылышы жасала турганын билдирди. Президент Эрдоган, Израилдин мектептер туурасында берген убадаларына токтолуп, Израилдин Түркия аркылуу ушундай жардамдардын киришине уруксат бере турганын баса белгиледи. Президент Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө да токтолуп, мунун кылымдын жаңылыгы болгонун айтты жана эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын ылдам түрдө мурдагы деңгээлине жетиши темасында макулдашкандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар