Түркия - Израиль макулдашуусу дүйнөнүн көңүлүн бурууда

Хамас Газа калкына болгон жардам жана блокаданын жеңилдетилүүсү тууралуу аракеттеринен улам президент Р. Т. Эрдоган жана Түркияга рахмат айтты

520152
Түркия - Израиль макулдашуусу дүйнөнүн көңүлүн бурууда

Түркия менен Израилдин ортосунда алты жылдан кийин келген нормалдашуу процесси дүйнөнүн да көңүлүн бурууда.

Ак үйдөн келген расмий маалыматка кошумча катары АКШнын вице – президенти Жо Байден да twitterдан маалымат бөлүштү. Байден маалыматында : «Түркия жана Израилдин карым – катнаштарындагы нормалдашуу тууралуу кабар алдык. Аймак үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк»,- деди. Түзүлгөн макулдашуудан кийин Газадагы Хамас башкаруусуна Түркияга рахмат айтылды.

Хамас Газа калкына болгон жардам жана блокаданын жеңилдетилүүсү тууралуу аракеттеринен улам президент Р. Т. Эрдоган жана Түркияга рахмат айтты.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ел Малики да Түркия менен Израилдин ортосунда түзүлгөн макулдашууну ыраазычылык менен кабыл алды. Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен президент Р. Т. Эрдоган айрыкча телефон аркылуу сүйлөштү. Аббас жолугушууда Газага карата жардамдардын бир гана Палестина өкмөтүнүн өкүлү болгон Палестина мамлекети менен түзүлгөн эки тараптуу координация жолу менен ишке аша аларын баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар