Эрдоган пикир лидерлери менен жолугушту

Эрдоган : «Террордук уюм ПКК жана уландысынын чыныгы жүзүн дайыма элге түшүндүрүүбүз керек",- деди

517446
Эрдоган пикир лидерлери менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган террордук уюм ПККга жардам берген муниципалитеттер тууралуу мыйзамдуу түзөтүүнүн парламент жабыла электе чыгарын айтты. Эрдоган презденттик комплексинде пикир лидерлери менен ифтарда жолугушту. Эрдоган Түштүк Анадолу аймагындагы кээ бир муниципалитеттердин бюджеттериндеги акчаны террордук уюм ПККга өткөрүшкөндөрүн баса белгиледи. 

Президент операциялар аяктаган облус жана райондордо базистердин курула баштагандыгын жана булардын операциялардан мурдакысы менен салыштырыла албай тургандай боло тургандыгын белгиледи. Пикир лидерлерине  кайрылган Эрдоган : «Террордук уюм ПКК жана уландысынын чыныгы жүзүн дайыма элге түшүндүрүүбүз керек. Сиздер биздин өкүлүбүзсүздөр. Өлкө жана аймагыбыз өз тарыхына, өз жерине ээ чыгып, башка проектилердин продукциясы болгон бул түзүлүштөрдөн толугу менен кутулушу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар