ПКК тышкы булактарынын колдоосу менен кыймыл кылууда

Өкмөт башчы Агрыда 18 ишкананын тобу менен ачылышын жасады. Агры калкы менен ооз ачууда жолукту.

515905
ПКК тышкы булактарынын колдоосу менен кыймыл кылууда

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркияны бөлүүгө аракет кылган террор уюму ПККнын жергиликтүү болбогонун, жогорку акыл үйрөтүүчүлөрүнүн буйруктары менен кыймыл кылгандарын айтты.

Өкмөт башчы Агрыда 18 ишкананын тобу менен ачылышын жасады. Агры калкы менен ооз ачууда жолукту.

Террор уюму ПККнын тышкы булактардын колдоосу менен кыймыл кылганын баса белгилеген Йылдырым, «Мырзалары эмне десе ошону кылып жатышат»,-деди.

Аймак калкынын террорго каршы мамлекетти жактаганын баса белгилеген Йылдырым: «Бул ПККлык террористтер жалгыз гана бөлүүнү, өлтүрүүнү, адамдардын арасына бөлүнүү үрөнүн себүүнү билишет. Кудайга шүгүр Агры калкы бул интригаларга моюн сунган жок, колунун сырты менен түрттү»,-деди.

Агры калкына террорго каршы турушунан улам ыраазычылык билдирген Өкмөт башчы, «Сиз террор уюмуна моюн сунган жоксуз.Алар бөлөбүз дешти, сиз жалгыз гана Түркия дедиңиз. Ошондуктан сиздерге ырахмат айтамын»,-деди.

 



Тектеш кабарлар