Наби Авжы Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапар менен барды

Маданият жана туризм Министри Биринчи болуп президент Мустафа Авжы менен жолугушту

516025
Наби Авжы Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапар менен барды

Маданият жана туризм министри Наби Авжы Түндүк Кипр Түрк Республикасында жолугушууларды өткөрүүдө. Министр Авжы жолугушууларынын алкагында биринчи болуп президент Мустафа Акынжы тарабынан президенттик сарайында кабыл алынды. Кабыл алууда Түркиянын Лефкоша элчиси Деря Канбай, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын туризм жана экология министри Фикри Атаоглу президенттик кеңешчиси Гүрдал Хүдароглу менен тийиштүү жетекчилер катышты.

Министр Авжы андан кийин Респблика парламентинин спикери Сибел Сибер менен жолугушту. Авжы берген маалыматында туризм министри катары биринчи расмий сапарын Кипрге жасагандыгын айтты.

Сапарында Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Түркиянын ортосунда биргелешкен кыймыл планын даярдашкандарын белгилеген Авжы эки өлкөнүн ортосунда  маданият жана туризм тармагында кандай кызматташтыктарды түзө алышарын карап чыгышарын белгиледи. Парламент спикери Сибер да Авжыга кызматында ийгиликтерди каалап эки өлкөнүн арасында туризм жана маданий тарамактардагы кызматташтыктын абдан маанилүү экендигин баса белгиледи. Кипрдин бир туризм аралы экендигин белгилеген Сибер : «Муну тышкы дүйнөгө жана өз калкыбызга канчалык тааныта алсак ошончолук ийгиликтүү болобуз. Негизгиси муну абдан жакшы пайдаланып жана ийгиликтүү проектилерге кол койолу»,- деди.



Тектеш кабарлар