Түркия өзүнүн согуштук кемесин жасап чыгарууда

МИЛГЕМ долбоорунун үчүнчү кемеси Бургазада корветинин; узундугу 99,5 метр, туурасы 14,4 метр, салмагы 2400 тонна.

514009
Түркия өзүнүн согуштук кемесин жасап чыгарууда

Коргоо өнөр жайынын аткаруу кеңешинин 2004-жылдагы токтому менен жергиликтүү согуштук кеме өндүрүү максаты менен башталган Улуттук кеме (МИЛГЕМ) долбоорунун алкагында жасалып чыккан арал классындагы корветтерден үчүнчүсү «Бургазада», президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым да катышкан азем менен деңизге түшүрүлдү.

Президент Эрдоган аземдеги сөзүндө Бургазада кемесинин мекенге жана улутка пайдалуу болушун, түрк желегин деңиздерде сыймык менен ийгиликтүү желбиретишин тиледи.

МИЛГЕМ долбоорунун үчүнчү кемеси Бургазада корветинин; узундугу 99,5 метр, туурасы 14,4 метр, салмагы 2400 тонна. Суу үстүндө саатына 29 деңиз мили ылдамдыкта жүрө алган кемеде, 35 мегаватт кубаттуулуктагы газ турбинасы жана дизелдик машиналар менен кош дирилдектен турган өткөрүүчү системасы орун алган.

Өтүү ылдамдыгы менен кошумча жана күйүүчү май колдоосу болбостон 3500 деңиз мили б.а. 6485 чакырым жерге жете алган кеме, 10 күн деңизде жүрө алуу өзгөчөлүгүнө ээ. Ушундай түрдө экономикалык ылдамдык болгон саатына 15 деңиз мили б.а. 28 км ылдамдык менен 9 күндө, саатына 29 деңиз мили б.а. 54 км ылдадык менен 5 күндө Аден булуңуна жете алат.

Корветте 10 тонналык тик учар үчүн керектүү платформа, ангар жана кеңири колдоо шаймандары бар. «Бургазада» корвети суу үстүндөгү согуш, суу астындагы коргонуу согушу, табуу-байкоо, команда текшерүү, ассиметриялык коргонуу согушу милдеттерин аткара алат.

Бардыгы 8 кемеден турган МИЛГЕМ долбоорунун төртүнчүсү болгон «Кыналыада» корветинин да ширетүү аземи өткөрүлдү.

Корветтин алгачкы ширетүүсү президент Эрдоган тарабынан жасалды.

Быссымылда дегенде эле келишимдерде орун алган кеме куруу мөөнөтү планынан 5 ай алдыга жылдырылып, 2015-жылы 8-октябрда түзүлгөн 2018-жылдын январь айында пландуу деңизге түшүү күнү да 8 ай алдыга жылдырылды. Буга ылайык кеменин 2017-жылдын май айында сууга түшүрүлүшү пландалууда.

Бул кеме да беркилери менен бирдей өзгөчөлүк жана стандарттарга ээ болот.



Тектеш кабарлар