Террорду бул өлкөнүн күн тартибинен чыгарабыз

Бинали Йылдырым Түркиянын 79 миллион атуулу менен террорду жок кыла турган жана ар түрдүү тузакты буза турган кудретке ээ экенин айтты.

513737
Террорду бул өлкөнүн күн тартибинен чыгарабыз

Премьер-министр Бинали Йылдырым Түркиянын 79 миллион атуулу менен террорду жок кыла турган жана ар түрдүү тузакты буза турган кудретке ээ экенин айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым, Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрлиги менен Измир Губернаторлугунун Измирде шейит үй-бүлөлөрү үчүн уюштурган ооз ачуу программасына катышты.

Ооз ачуудан кийинки сөз сүйлөөсүндө Йылдырым, террорду Түркиянын күн тартибинен чыгара тургандарын белгилеп, тынчтык жана ынтымактын өлкөнүн бардык булуң бурчунда эгемен болгонго дейре террор операциялары улана бере турганын баса белгиледи.

Сөзүндө террор уюмдарын субподрядчы катары колдонгон өлкөлөргө да билдирүүсүн айткан өкмөт башчы Йылдырым: «Биз бул террорду жок кылабыз, а бирок сиз буларга колдоо көрсөткөнүңүз үчүн бир күнү бул улуу улуттун бетин карай албагыдай абалга түшөсүз»,-деди.

Террорго бериле турган эң сонун жооптун Измирде чогулган биримдик, туугандык атмосферасы болгонун сөз кылган премьер-министр Йылдырым, Түркиянын 79 миллион атуулу менен бир мекен, бир улут, бир мамлекет жана бир желектин астында түбөлүккө жашоосун уланта турганын баса белгиледи.

Премьер-министр Бинали Йылдырым Түркиянын демократиядан, укуктан, биримдик жана ынтымактан, цивилизация жүрүшүнөн эч качан баш тартпай турганын да белгилеп өттү.

Шейиттердин эне-аталары, жубайлары, балдары жана жакындарынын Түркия Республикасынын кепилдиги астында экенин белгилеген Бинали Йылдырым, бул темада өкмөт катары мамлекеттин чоң мүмкүнчүлүктөрүн колдонуудан баш тартпагандарын, баш тартпай тургандарын сөз кылды.



Тектеш кабарлар