Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары

Операцияда ДЕАШка таандык 32 бута атылып, 13 террорист өлтүрүлдү

513537
Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары

Диярбакырдын Лиже районунун элет жеринде Түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар менен жасалган операцияларда  белгиленген 16 бутанын жардырылганы билдирилди. Башкы штабдан  берилген маалыматка караганда Лиже элетинен алынган маалымат боюнча Түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учактар менен операция жүргүзүлдү. Аныктоо иштери улантылып, милдеттерин ийгиликтүү аяктаган аскердик учактар базаларына кайтып келишти.

Бир тараптан Сириянын түндүгүндө Түркияга карата ок атууга даярданып жаткандыгы аныкталган ДЕАШ террордук уюмуна таандык буталар аныкталды. Түрк куралдуу күчтөрүнүн пушка менен атууларына коалиция учактары абадан кыймылы менен жардам берди. Операцияда ДЕАШка таандык 32 бута атылып, 13 террорист өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар