Аэропортто тейлөө унаасы түрк аба жолдорунун учагы менен сүзүштү

Ататүрк аэропортунда тейлөө унаасы сүзгөн түрк аба жолдорунун Стамбул – Тайбэй каттамына чыга турган жүргүнчү учагы зыянга учурады

513348
Аэропортто тейлөө унаасы түрк аба жолдорунун учагы менен сүзүштү

Ататүрк аэропортунда тейлөө унаасы сүзүшкөн түрк аба жолдоруна таандык Стамбул – Тайбэй каттамына чыга турган жүргүнчү учагында чыгым болду.

Түрк аба жолдорунун саат 2:20да Тайвандын борбор шаары Тайбэйге бара турган ТК – 24 каттамдагы Boeing 777-300  моделиндеги учак жүргүнчүлөрүн алгандан кийин жүк ташуучу тейлөө унаасы учактын жүк ташуучу капкагын сүзүп алды. Капитан учкуч кырсыктан улам учактын чыгымга учуроосу менен Ататүрк аэропорту аба жолун текшерүү  мунарасына каттамдын болбой тургандыгын билдирди. Андан кийин жүргүнчүлөр багаждар  түшүрүлдү. Кырсыкка учураган учак техникалык кароого алынып, жүргүнчүлөр түрк аба жолдорунун башка бир учагы менен саат 06: 05те Тайбэйге учту.



Тектеш кабарлар