Түркия көгүлтүр байракта дүйнө экинчиси

Бул жылы үч мейманкана жана бир марина дагы көгүлтүр байрак алды

506572
Түркия көгүлтүр байракта дүйнө экинчиси

Түркия экологиялык билим берүү фонду Түндүк Эгей облустарынын координатору Доган Караташ Түркиянын бул жылы 444 көгүлтүр байракка жетишип, дүйнө экинчиси болууну гарантияга алганын айтты.

Көгүлтүр байрак экологиялык билим берүү фонду тарабынан баа берүүнүн жыйынтыгы катары Айдындын Кушадасы районунда деңиз суусунун тазалыгы, экологиялык башкарууга берген маани, экологиялык аң – сезимдин пайда болушуна карата иш чаралар менен коопсуздук темаларындагы иликтөөлөрдүн жыйынтыгында кээ бир мейманканаларга «көгүлтүр байрак» берилди.

Бул жылы үч мейманкана жана бир маринанын дагы көгүлтүр байрак алганын айткан Караташ : «Түркия катары бул жылы 444 көгүлтүр байракка жетип дүйнө экинчиси болууну гарантияга алдык. Биринчи орунда  Испания жана үчүнчү орунда Греция бар. Жалпы Түркияда көгүлтүр байрак санын 15 пайызга арттыра турган болсок узун убакыттан бери көгүлтүр байрак чемпиону Испаниянын колунан биринчиликти алган болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар