Мевлют Чавушоглу Түркиянын сириялыктардын жанында экендигин айтты

Мевлют Чавушоглу Хатай губернаторлугу тарабынан сириялык качкындар үчүн  берилген ифтарга катышты

506556
Мевлют Чавушоглу Түркиянын сириялыктардын жанында экендигин айтты
dışişleri bakanı mevlüt cavuşoğlu hatay'da.jpg

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын ар дайым жана ар кандай шартта сириялык бир туугандарынын жанында экендигин айтты.

Мевлют Чавушоглу Хатай губернаторлугу тарабынан сириялык качкындар үчүн  берилген ифтарга катышты. Чавушоглу : «Эң чоң каалообуз Асад режиминин Сириядан кетиши. Буйруса сиздер да өз үйүңүздөргө  кайтып, биз да сиздерге келип бирге ифтар  кылабыз. Биз Сириядан келген үч миллион бир тууганыбызды конок кылуудан бактылуубуз. Биз кээ бир батыштык өлкөлөр сыяктуу  сиздерге жүк катары карабайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар