Дүйнөгө аза күттүргөн-Мухаммед Али...

Эрдоган легендардуу мушкер Мухаммед Алинин жубайы Лонни Алиге телефон аркылуу байланышып көңүл айтты.

504217
Дүйнөгө аза күттүргөн-Мухаммед Али...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, легендардуу мушкер Мухаммед Алинин жубайы Лонни Алиге телефон аркылуу байланышып көңүл айтты.

Эрдоган Мухаммед Алинин түрк улуту баш болуп бардык мусулмандарда калтырган издеринин орду толтурулгус экенин айтты.

Эрдоган Мухаммед Алинин каза болгонун угуп катуу кайгырганын билдирди. Мухаммед Алинин жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болушун тиледи. Лонни Али болсо Эрдоганга үй-бүлөсүнүн кайгыларын бөлүшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бир тараптан спорт тарыхына атын алтын тамгалар менен жаздырган, дүйнөнүн мурдагы бокс чемпиону Мухаммед Алинин дүйнө салышы анын фанаттарын кайгыга салса, кызыгылып күтүлгөн сөөгүн кандай кое турганы жөнүндөгү ачыктоо жарыяланды.

Мухаммед Алинин сөөгү туулган жерине коюла турганы билдирилди. Бейшемби күнү өз үй-бүлөсүндө узатуу зыйнаты өткөрүлө турганы, жума күнү болсо Кентаки штатынын Луисвилл шаарында жаназа аземи уюштурула турганы жарыяланды.

Бул учурда Луисвиллде эл, легендардуу чемпиондун атынан курулган «Мухаммед Али» маданият борбору жана музейин гүлдөргө бөлөдү.



Тектеш кабарлар