Түркия парламентинен маанилүү маалымат

Тышкы иштер комитети Германия федералдык парламентинин долбооруна каршы маалымат жарыялады

502704
Түркия парламентинен маанилүү маалымат

Түркия парламентинин тышкы иштер комиссиясынын Адилеттик жана Өнүгүү партиясы, Республикалык Элдик партиясы жана Улуттук Кыймыл партиясынын мүчөлөрү тарабынан Германия федералдык парламентинин 1915 – жылдагы оркуялар тууралуу сүйлөшө турган чечим долбоору тууралуу орток билдирүүсү

Германия федералдык парламентинин негизсиз армян «кыргыны» жалааларын колдогон бир чечим долбоорун 2016 – жылдын 2 -  июнунда  бекитери билдирилди. 1915 -  жылдагы окуялар тууралуу тарыхый чындыктарды танган жана укук менен дал келбеген долбоорду катуу айыптайбыз.

101 жыл мурда Биринчи Дүйнөлүк согушунун шарттарында жашаган жана түрктөр менен армяндар бирдикте кыйынчылыктарды тартуусуна себеп болгон окуяларга тараптуу, бурмаланган жана башка саясий ниеттер  менен «кыргын» деп айтылуусу эч качан кабыл алынбайт. Аты аталган окуялардын азыркы күндө кандайча саясатташтырылганын жана унутулгандыгынын эң жаман үлгүлөрүнүн бирөөсү болгон бул долбоордун Германиянын «атайын тарыхый жоопкерчилигин» моюнга алуусу жана  «өткөн күндүн кыйынчылыктарын ашып өтүп, тынчтык жана келишүү жолдорун издөө тууралуу түрктөр менен армяндарды колдоо»» сыяктуу күлкү келтирген негиздер менен айтылуусуна эч ким көңүл бурбай жатат.

Кыргын саясий максаттар менен жаманга колдонула турган түшүнүк эмес, эл аралык укукта так аныкталган жана так түрдө жасалган кылмыш. 1915 -  жылдагы окуялардын «кыргын» экендигине байланыштуу эч бир сот чечими жок. Бул  темада бир  макулдашуунун бар экендигинен сөз кылуу да мүмкүн эмес. Европа Адам Укуктары Сотунун 2015 – жыл 15 -  октябрдагы Перинчек –Швейцария доосунун чечими менен да аныкталды. Эл аралык укук жана Европа укуктук мыйзам чыгарууларына каршы, федералдык парламенттин 1915 -  жылдагы окуяларга байланыштуу тартышылгыс расмий көз караш чыгарып муну киргизүүгө аракет кылуусун немис калкынын эртели – кеч  билерине ишенебиз.

Федералдык парламенттин өкүлү болгон кишилердин арасындагы жүз миңдеген түрк тектүү немис жаранынын ойлору менен эске тутуусун жок санап бул бурмаланган түшүнүктү билим берүү системасынын арачылыгы менен жаш муундарга билдирүүгө чакыруусу да ой эркиндигин  жокко чыгарууда. Долбоордогу «Түрк тектүү жарандардын шайкештигине салым кошот» деген негиз менен Германиядагы 3 миллиондук түрк коомунун  күбөлүгүн ушундайча жаралоого аракет кылынуусу туура эмес. Тескерисинче бул туура эмес жана укуксуз демилге түрктөр менен немистерди бөлүп жара турган таасир жаратат.

Кылымдар боюу тынчтык ичинде жашаган эки улут жана бир бири менен коңшу эки мамлекеттин достук жана кызматташтык ичинде орток келечекти бөлүшүүсү тарыхка адилеттүү кароого мүмкүнчүлүк түзөт. Түркия парламенти 2005 -  жылы добуш бирдиги менен кабыл алган декларация менен бул  демилгени жактырган. Тарыхта  болгондорду эркин түрдө иликтөө үчүн баарына ачык жана илимий негиз менен иштей турган бир Орток тарых комиссиянын иш алып баруусуна макулдук көрсөткөн. Немис федералдык парламенти Түркия – Армения карым – катнаштарынын түзөлүүсүн чындыгында кааласа бул демилгеге колдоо берүүнүн ордуна, бул чечим долбоору менен келечектеги муундарга шектенүү менен кароо, душмандык жана өч алуу сезимдерин мурас калтыруудан башка максатта кызмат кылбай жатат. Федералдык парламенттин «тарыхый жоопкерчилти», тарыхты бурмалап, бөлүүчүлүктү тереңдетүү менен эмес, тарыхый чындыктардын ачыкка чыгарылуусун колдоо менен моюнга алуусу күтүлүүдө.

Акыркы болуп, Түркия менен Германиянын достук жана союздаштык карым – катнаштарына зыянын тийгизери ойлонулган бир долбоордун федералдык парламнеттен өтпөшү акылдуулуктун жеңип чыгуусунун эң негизги көрсөткүчү болот.  



Тектеш кабарлар