Түркия Ирактагы кол салууну айыптады
Түркия Ирактын борбор шаары Багдатта болгон террордук кол салууларды катуу айыптады
493300
![Түркия Ирактагы кол салууну айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e1b3/8791/e3a7/579afb2bd629f.jpg?time=1718807174)
Түркия Ирактын борбор шаары Багдатта болгон террордук кол салууларды катуу айыптады. Маалыматта : «Террордук кол салууларды катуу айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралууларга шыпаа, бардык Ирак калкына сабыр тилейбиз»,- деп белгиленди. Маалыматта көптөгөн жылдар террорго каршы күрөшкөн Түркиянын Ирактын бул темадагы күрөшүндө кызматташтык ичинде кыймыл кылууга чакырары билдирилди. Багдатта кечээ болгон төрт башка кол салууда алтымыштан ашуун киши каза болуп, жүздөн ашуун киши да жараланган.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718807174)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.