Түркия менен Пакистандын ортосунда келишим түзүлдү

Түркия менен Пакистандын арасында уруксатсыз жашап жаткан кишилердин кайра келүүсүнө байланыштуу келишим Расмий гезитте жарыяланды

490637
Түркия менен Пакистандын ортосунда келишим түзүлдү

Түркия менен Пакистандын арасында уруксатсыз жашап жаткан кишилердин кайра келүүсүнө байланыштуу келишим Расмий гезитте жарыяланды.

Эки өлкөнүн арасында 2010 -  жылы 7 -  декабрда Анкарада кол коюлган Түркия республикасы өкмөтү менен Пакистан республикасы өкмөтүнүн арасында уруксатсыз жашаган кишилердин кайра кабыл алынуусуна байланыштуу келишимдин министрлер кеңеши тарабынан 27 -  апрелден баштап бекитилүүсүнө чечим чыгарылды.

Мыйзам тышы көч менен күрөшүүнү максат кылган келишим менен эки өлкөгө кирүү жана жашоо шарттарын камтыган же камтыбаган кишилердин күбөлүктөрүнүн такталышы, иреттүү түрдө кайтып келүүсүнүн жеңилдетилүүсү максат кылынууда.

Ушунун негизинде келишимдин ишке ашуусу үчүн эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен кабыл алуу комитети түзүлөт.



Тектеш кабарлар