Түркия 2023-жыл максаттарына ишеничтүү кадамдар менен барат

Президент Эрдоган кечээ Малатияда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кечки тамакта жолукту.

486421
Түркия 2023-жыл максаттарына ишеничтүү кадамдар менен барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын 2023-жыл максаттарына ишеничтүү кадамдар менен бара турганын айтты.

Президент Эрдоган кечээ Малатияда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен кечки тамакта жолукту.

Президент Эрдоган бул жердеги сөзүндө: «Өлкөбүз да ичинде орун алган кеңири аймакта тарыхта кала тургандай өзгөрүү болуп жатат. Айланасындагы алоолонгон өрткө карабастан Түркия коопсуздук жана туруктуулук аралы сыпаты менен бардык карапайым адамдардын үмүтү болушун улантууда. Өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин милдеттенген саясатчылар катары биз дагы ушул кыйын мезгилде өлкөбүздүн кылына дагы зыян тийгизбеш үчүн күнүбүздү түнгө кошуп, болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз»,-деген серебин салды.

Түркиянын дүйнө соодасындагы үлүшүнүн 57 пайыздан 89 пайызга жогорулаганын эске салган Эрдоган, бул сандардын эл аралык рейтинг өлчөөчү мекемелердин божомолдорунан кыйла жогору экенин маалымдады.

«Дүйнөнүн эң алыскы бурчундагы бир өлкө чүчкүрүп койсо эле сасык тумоого кабылган Түркиядан, глобалдык кризистерге туруштук бере алган, өз мүмкүнчүлүктөрү менен кризистерди ашып өткөн Түркияга келдик»,-деп айткан президент Эрдоган: «Сиздер ушундай тик турсаңыздар Түркия ишеничтүү кадамдар менен 2023-жыл максаттарына жетет. Бардык кризис күтүүлөрүн дагы бир жолу четке кагабыз деп ишенемин»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар