Жаз менен келген өнүгүү жайда да уланат

Давутоглу «Жаңы Түркия жолунда» аттуу элге кайрылуу сөзүндө күн тартиптеги темаларга байланыштуу сереп салуусун кылды.

481868
Жаз менен келген өнүгүү жайда да уланат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Кут-үл Амара согушунун карапайым калктардын эзүүчүлөргө каршы колдошуу менен күрөшкөн акыркы чоң согушу болгонун айтты.

Давутоглу телеканалдан берилген «Жаңы Түркия жолунда» аттуу элге кайрылуу сөзүндө күн тартиптеги темаларга байланыштуу сереп салуусун кылды.

Давутоглу Кут-үл Амара жеңишинде  Жакынкы Чыгыш аймагындагы бардык этникалык жана диний топтордун, эзүүчүлөргө каршы биримдик жана ынтымак менен күрөшүп чоң ийгиликке жетишкендерин баса белгиледи.

Ислам дүйнөсүндө өз калкына зулумдук кылган зулум режимдердин жана ар түрдүү абийирди тебелеген варвар террорист уюмдарынын бар экенине көңүл бурган Давутоглу, тышкарыда болсо мээримдүүлүк дини болгон Ислам динин бурмалоо менен түшүнүп алган исламофобиялык чөйрөлөр бар экенин белиледи жана бул татаал мезгилден ислам дүйнөсү жеңиш менен чыга турганын, анткенпи Түркия сыяктуу ийгиликке жетишкен үлгүлөр бар экенин айтты.

Түркияда өзүн садага чапкан мамлекеттик кызматкерлер иштеп жатканын айткан Давутоглу: «Террордук кол салуулар менен өлкөбүздүн келечегине балта чапкысы келгендер болот. Аларга каршы эң чоң күчүбүз биримдигибиз жана ынтымагыбыз болуп эсептелет. Буга ишенип койгула керек болсо чек араларыбыздын корголушу, керек болсо атуулдарыбыздын ынтымак жана ырааттулугунун ар бир шаарыбызда сөзсүз кепилдикке алынышы үчүн күнү түнү дебестен иштеп жатабыз. Ар түрдүү чаралар көрүлөт жана бул өлкөнүн ар бир бурчу так коопсуздукка жана толук эркиндикке жетет»,-деди.

Түркия экономикасындагы жазгы өнүгүүнүн жай менен бирге дагы да өнүгө турганын айткан Давутоглу: «Реалдуу катмардын коопсуздук индекси жогорулоодо, кардар коопсуздугунун индекси жогорулоодо, өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчү жоогорулоодо, эл аралык инвестициялар көбөйүүдө, экспорт өсүүдө, инфляция төмөндөөдө. Буюрса жаз менен бирге келген экономикабыздагы өнүгүү, жайдын келиши менен дагы да жакшырат. Экономикабызга береке келип, өлкөбүзгө молчулук келет»,-деп кошумчалады.

1-Май эмгекчилердин эл аралык күнүнө да токтолгон Давутоглу: «Адамдын эмгегинен пайдалуу эч нерсе жок»,-деди.

Давутоглу: «Бардык профсоюздарга кайрылуудамын, саясий көз карашыңыз кандай болсо дагы сиздин эмгегиңиз ыйык болуп эсептелет. Сиздин эмгегиңизге эң чоң урматтоону биз көрсөтөбүз. Сиздин эмгегиңизди баалоо үчүн ар түрдүү чараны көрөбүз. Билип коюңуздар сиздердин чекеңерден аккан терди өзүм келип аарчып, чекеңерден өпкүм келет. 1-Май эмгек майрамыңыздар куттуу болсун!»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар