Мамлекет экономикадан колун тартышы менен чоң секирикке жетиштик

Эрдоган, Түркия жана Хорватиянын аймактык абалы жана экономикалары менен бирге орток келечекти пландай тургандарын айтты.

479724
Мамлекет экономикадан колун тартышы менен чоң секирикке жетиштик

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия жана Хорватиянын аймактык абалы жана экономикалары менен бирге орток келечекти пландай тургандарын айтты.

Эрдоган Түркия-Хорватия ишкерлер форумунда сөз сүйлөдү.

2008-жылдагы кризистен Хорватия чоң таасир алганын эске салган Эрдоган, Түркиянын 2001-жылдагы кризисинен мисалдарды берди. Дүйнөдө ар бир өлкөнүн убак-убагы менен айрым олку солкулуктарды өткөрүп тураарын, кыйынчылыктарга туш болооорун белгилеген Эрдоган: "2001-жылдагы кризисте экономикабыз дээрлик токтогудай абалга келген. Бирок муну түшүндүрдүк. Биз кызматка келгенибизде 2002-жылдын акырында мамлекеттүүлүк түшүнүгү басымдуу болчу, бул түшүнүктү бир жакка таштап, мамлекетке таандык түзүлүштөрдү бир жакка таштап, жеке менчик секторду күчтөндүрө баштадык. Мамлекет экономикадан колун тартышы менен чоң секирикке жетиштик. Түркия тарыхында болуп көрбөгөндөй менчиктештирүүлөрдү жасадык. Учурда биз ашып өтө албай турган кыйынчылык жок",-деп айтты.

"Үмүтүбүздү, иштөөнү каалообузду жоготмоюнча ашып өтө албай турган кыйынчылык болбойт, буга ишенебиз",-деп айткан Эрдоган: "Акча кудум эле сымап сыяктуу. Сымап өзүнө ылайыктуу жерди таап ошол жакка агат. Акча да кайда ылайыктуу шарт бар болсо ошол жакка оойт. Ошондуктан финансыны башкаруучулар анчейин кайрымдуу болушпайт, кайдан ылайыктуу жерди тапса ошол жакты көздөй качат. Биз саясатчылардын милдети да ылайыктуу жерди даярдоо",-деген серебин салды.

Эрдоган саясатчылардын бюрократиялык олигархияны канчалык жеңсе ошончолук ийгиликтүү боло тургандарын белгиледи. 



Тектеш кабарлар