Түркиянын жалпы калкынын 29 пайызын балдар түзөт

Балдардын санынын көптүгү боюнча биринчи орунду ээлеген област 47,4 пайыз менен Шанлыурфа болду.

475969
Түркиянын жалпы калкынын 29 пайызын балдар түзөт

Түркиянын жалпы калкынын 29 пайызын балдар түзөт.

Түркиянын статистика мекемеси, 2015-жылга байланыштуу көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык Түркиянын калкынын саны 2015-жылдын аягынан тарта 78 миллион 741 миң 53 болсо, балдардын саны 22 миллион 870 миң 683 болду.

БУУнун аныктамасына ылайык, «0-17» жаш курактагы балдардын саны 1935-жылы жалпы калктын 45 пайызын түзсө, 2015-жылы жалпы калктын 29 пайызын гана түздү.

Балдардын санынын көптүгү боюнча биринчи орунду ээлеген област 47,4 пайыз менен Шанлыурфа болду.

Андан соң 47,1 пайыз менен Шырнак жана Агры областтары турат.

Балдардын саны эң аз болгон областтар болсо 17,5 пайыз менен Тунжели, 19 пайыз менен Эдирне жана 19,5 пайыз менен Кыркларели деп белгиленди.



Тектеш кабарлар