Премьер - министр Давутоглунун Иордания сапары

Сапарда Иордания менен кызматташтык үчүн да маанилүү кадамдар ташталды. Башта экономикалык тармакта болуу менен 10 келишимге кол коюлду

459615
Премьер - министр Давутоглунун Иордания сапары

Премьер – министр Ахмет Давутоглу кечээ бир күндүк сапар менен барган Иорданияда жолугушууларды өткөрдү. Премьер – министр Давутоглу сапарында Король Абдуллах жана Иорданиянын премьер – министри Абдуллах ел Нусур менен жолугушту.

Жолугушууларда Палестинадагы абалдар менен терроризм темаларында кызматташтыкка басым жасалды. Премьер – министр Давутоглу палестиналыктардын укуктарынын сакталуусу үчүн колдорунан келген бардык нерсени аткарууга даяр экендерин айтты. Түркия менен Иорданиянын ДЕАШ терроруна каршы Сирия жана Иракта биргелеше кыймыл кылышкандарын баса белгилеген Давутоглу эки өлкөнүн Ирак жана Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн сакталуусу жана аймакта ырааттуулуктун түзүлүшүн каалашкандарын белгиледи.

Сапарда Иордания менен кызматташтык үчүн да маанилүү кадамдар ташталды. Башта экономикалык тармакта болуу менен 10 келишимге кол коюлду.

Түрк жана Иордания ишкерлерин жолугуштурган иш форуму да болду, форумга премьер – министр Давтуоглу кесиптеши Нусур менен бирге катышты.

Давтуоглу Иорданияда Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин төрагалыгы ТИКАнын Аммандагы офисинин ачылышына да катышты. Ошол эле учурда Давутоглу Иорданияда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушту. 30 минутага жакын созулган жолугушууда Түркияда боло турган Дүйнөлүк адамзаттык саммитине даярдыктар сөз болду.

Сириянын келечегине байланыштуу Женева сүйлөшүүлөрүндө келинген абал, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда иретсиз миграцияга байланыштуу көрүлө турган чаралар жана качкындардын бейкуттугунун түзүлүшүнө байланыштуу Түркияда ташталган кадамдар да Давутоглу жана Пан Ги Мундун күн тартибинен орун алды. БУУнун баш катчысы премьер – министрге Түркияда болгон террордук кол салууларда каза болгондор үчүн көңүл айтты. Давутоглу Иордания сапарын 13 - мартта 38 киши каза болгон Анкара Кызылайдагы террордук кол салуудан улам кечеңдеткен болчу.



Тектеш кабарлар