Черногорияда түрк байрагы
Черногориянын борбор шаары Подгорицедеги Мехмет Фатих медресеси түрк желегинин түсү менен жарыктандырылды
458662
- Черногориянын борбор шаары Подгорицедеги Мехмет Фатих медресеси Түркияда болгон террордук кол салуулардан кийин түрк желегинин түсү менен жарыктандырылды.
- Черногория Ислам Биримдигинин чыгарган чечими менен акыркы мезгилде террордук кол салууларга дуушар болгон Анкара менен Стамбулга колдоо берүү максатында борбор шаардагы Мехмет Фатих медресеси кечээ кечинде түрк байрагынын түсүнө бөлөндү.
- Ислам Биримдигинин төрагасы Рифат Фейзич акыркы мезгилде болгон террордук кол салууларды катуу айыпташкандарын белгилеп : «Түркияга ар дайым жанында экенибизди көрсөтүүнү кааладык. Түркиянын бул кол салуулардан күчтүү түрдө чыгарына ишенебиз. Бүткүл дүйнө өлкөлөрү катары террор менен күрөшүүбүз керек»,- деди.