Түрк ишкерлери Стамбулга чогулат

Стамбулда Дүйнөлүк түрк демилгечилери курултайы өтөт

458078
Түрк ишкерлери Стамбулга чогулат

Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы түрк ишкерлери Стамбулда жолугушат.

Дүйнөлүк түрк демилгечилери курултайы, Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин жетекчилигинде 5 жылдык мөөнөттөн кийин эртең кайрадан чогулат.

95 өлкөдөн 2 миң ишкер катыша турган курултайда, түрк демилгечилеринин чет өлкөдө туш болгон маселелерин чечүү максатталууда.

Президент Режеп Тайып Эрдоган ачылышын ишке ашыра турган курултайда, премьер-министр Ахмет Давутоглу да ишкерлерге кайрылмакчы.

Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин төрагасы Өмер Жихад Вардан, дүйнөнүн ар тарабында эмгектенген түрк ишкерлерин жолугуштурууга аракет кылгандарын белгилеп, негизи түрк диаспорасын бир чатырдын астында чогултууну каалагандарын айтты.

Вардан: «Түрк дүйнөсү катары дүйнөнүн жалпысында күчтүү болсок, дагы да күчтөнүү үчүн эмне кылсак болот жана биз жашаган аймакта кантип таасирдүү боло алабыз ушуларды талкуулайбыз»,- деп айтты.

Эки күнгө созула турган курултай аркылуу түрк компаниялары менен Түркиядагы ишканалардын ортосунда өнөктөштүк жана кызматташтыкты түзүү максатталууда.



Тектеш кабарлар