Анкарадагы кол салууга наалат...

Президент Эрдоган кол салуудан кийинки жазуу түрүндөгү жарыясында, террор менен күрөшүүдөн баш тартылбай турганынын маалыматын берди.

450385
Анкарадагы кол салууга наалат...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Анкарадагы терактты, «ахлаксыз жана абийирсиз» деп мүнөздөп, террор уюмунун коопсуздук күчтөрү менен болгон күрөштө жеңилген сайын карапайым атуулдарды бутага алганына көңүл бурду. Президент Эрдоган кол салуудан кийинки жазуу түрүндөгү жарыясында, террор менен күрөшүүдөн баш тартылбай турганынын маалыматын берди.

Террор менен күрөшүүнүн сөзсүз ийгиликтүү натыйжалана турганын жана террордун чөгөлөтүлө турганын баса белгилеген президент Эрдоган, «Түркия, аймакта болгон ыраатсыздыктын себебинен акыркы жылдарда террордук кол салуулардын бутасы болууда. Террор уюмдары жана аларды курал катары колдонгондор, коопсуздук күчтөрү менен күрөшүүдө жеңилген сайын, эң ахлаксыз жана эң абийирсиз жолдорго кайрылып карапайым атуулдарыбызды бутага алууда. Өлкөбүздүн бүтүндүгүнө, элибиздин биримдик жана ынтымагына кастык кылган бул кол салуулар, террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүбүздү азайткан жок, тескерисинче арттырууда»,-деди.

Жарыясында Мамлекетибиз террорго каршы өзүн коргоо укугун ар дайым колдоно турганын баса белгилеген президент, Түркиянын улут катары бири-бирине тыгыз байланышкан өздүгү менен бул татаал күндөрдү да артка калтыра турганын белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман да өз жарыясында, «Кайгыбыз жана ызабыз күч, бирок өткөндө көп сандаган жаман окуяларды башынан өткөргөн мамлекетибиз жана улутубуздун ушундай кол салуулардын алдында чагымчылыкка кабылбоо эрки, сабырдуулугу жана тажрыйбасы бар»,-деди.

Премьер-министр Давутоглу Анкарадагы террордук кол салуудан кийинки жарыясында террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганын белгиледи.

Автобус күткөн жарандарды бутага алган террористтерди, «Зөөкүр жана абийирсиз мыкаачылар» деп мүнөздөгөн премьер-министр, кол салуунун Түркиянын ынтымак, биримдик жана демократиясына жасалганын белгиледи.

Премьер-министр Давутоглу: «Бул кол салуулардын алдында улут катары биримдик жана ынтымагыбызды, сабыр жана токтоолугубузду коргоо, террорго каршы бериле турган эң туура жооп болот»,-деди.

Давутоглу бүгүнкү Иордания сапарын болсо алдыдагы күндөрдүн бирине жылдырганын белгиледи.

Вице-премьер Нуман Куртулмуш социалдык медиа тармагындагы жарыясында: «Бул кол салуу келечекке болгон үмүтүбүздү дагы, туугандык байланыштарыбызды дагы жана демократияга болгон ишеничбизди дагы эч качан күчтөн тайдыра албайт»,-деп айтты.

Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу: «Наалат айтылыш керек болгон теракт болду»,-десе, Улуттук кыймыл патиясынын жетекчиси Девлет Бахчели: «Эч бир террордук кол салуунун Түркияны чөгөлөтө албай турганын» ,-айтты.



Тектеш кабарлар