Президент Эрдоганга Аль Сауд менен Аль Сани көңүл айтышты

Президент Эрдоган кечээ кечки сааттарда Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдүлазиз Аль Сауд жана Катардын эмири Шейх Темими бин Хамед Аль Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү

435722
Президент Эрдоганга Аль Сауд менен Аль Сани көңүл айтышты

Сауд Аравиянын королу Аль Сауд жана Катардын эмири Аль Сани борбор шаар Анкарадагы террордук кол салууда каза болгондор үчүн президент Р. Т. Эрдоганга көңүл айтышты.

Президент Эрдоган кечээ кечки сааттарда Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдүлазиз Аль Сауд жана Катардын эмири Шейх Темими бин Хамед Аль Сани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Лидерлер Анкарада жан жоготууларга жана жараланууга жол ачкан террордук кол салууну айыпташкандарын белгилеп, каза болгондор үчүн түрк калкына көңүл айтышты.

Аль Сауд менен Аль Сани террор менен күрөшүү тууралуу Түркия менен тилектештик ичинде экендерин баса белгилешти. Кечээ Федералдык Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Франсуа Оллан да президент Эрдоганга телефон чалып көңүл айтышты. Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна телефон чалып Анкарада болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтты. Эки министр Сирияда болгон абалдарды да карап чыгышты.



Тектеш кабарлар