Вице - премьер Мехмет Шимшек Түркиянын реформа жолу менен өскөнүн айтты

Вице - премьер Шимшек Орто Азия өлкөлөрүнүн өсүүнү туруктуу абалга алып келүүсү үчүн ар башка программаларды турмушка ашыруулары керектигин айтты

435369
Вице - премьер Мехмет Шимшек  Түркиянын реформа жолу менен өскөнүн айтты

Вице - премьер Мехмет Шимшек нефтиси жана жаратылыш газы болбогон Түркиянын реформаларды жүргүзүү менен инвестицияларды тартканын айтты. Шимшек Түркиянын бул жол менен жогорку кирешелүү тобуна киргенин белгиледи.

Вице –премьер Мехмет Шимшек Стамбулда өткөрүлгөн Орто Азия инвестиция форумунда сөз сүйлөдү. Шимшек Орто Азия өлкөлөрүнүн өсүүнү туруктуу абалга алып келүүсү үчүн ар башка программаларды турмушка ашыруулары керектигин айтты.

Шимшек : «Нефтибиз жок, жаратылыш газыбыз жок. Түркия жакынкы мезгилде жылдык 50 – 60 миллиард доллар нефть фактурасын төлөп жатат. Ошого карабастан Түркия муну ийгиликтүү аткарды. Тактап айтканда үстүнкү орто кирешелүү тобуна кире алды. Орто Азиядагы боордошторубуз да ийгиликтүү боло алышат. Мен буга ишенем»,- деди.



Тектеш кабарлар