Террордук кол салуулар менен Түркиянын сабырын сынап жатышат

Эрдоган террордук кол салууларда каза болгондордун жакындарына кайрат айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи жана террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүктү баса белгиледи.

434826
Террордук кол салуулар менен Түркиянын сабырын сынап жатышат

Анкарадагы мыкаачылык кол салуудан кийин маалымат берген президент Режеп Таййып Эрдоган, кол салуулардан жан жоготуубуздун көбөйүшү Түркиянын сабырын сынап жатканын белгиледи.

Террордук кол салууларда каза болгондордун жакындарына кайрат айтып, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилеген президент Эрдоган: «Террор менен болгон күрөшүүдөгү жоготууларыбыздын көбөйүшү, сабырыбызды сынап жатат. Биримдигибизге, ынтымагыбызга жана келечегибизге багытталган, чек арабыздын ичинде жана тышында болуп жаткан кол салууларга эсеси менен жооп кайтаруу темасындагы чечкиндүүлүгүбүз, мындай кыймылдар менен дагы да күчтөнүүдө ",-деди.

Террор менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүктү кайталаган президент Эрдоган: «Ахлакка жана адамзат жашоосуна эч коошпогон бул кол салууларды кылган пешкалар жана алардын аркасындагы күчтөр менен күрөшүүнү күн сайын дагы чечкиндүү түрдө улантабыз”,-деди.

Президент, Түркиянын мыйзамдуу коргонуу укугун бардык жерде колдоно турганын баса белгилеп, “Биримдигибизге, ынтымагыбызга жана келечегибизге багытталган, чек арабыздын ичинде жана тышында болуп жаткан кол салууларга эсеси менен жооп кайтаруу темасындагы чечкиндүүлүгүбүз, мындай кыймылдар менен дагы да күчтөнүүдө. Түркиянын мыйзамдуу коргонуу укугун ар дайым, бардык жерде жана ар бир абалда колдонуудан тартынбай турганы билиниши керек. Азаныбыз басылбайт, желегибиз түшпөйт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар