Террористтер менен айыгышкан салгылашуу...

Сур районунда уланып жаткан террорго каршы күрөшүү операциялары убагында 3 аскер шейит болду.

430721
Террористтер менен айыгышкан салгылашуу...

Диярбакырдын Сур районунда уланган террор менен күрөшүү операциялары убагында 3 аскер шейит болду.

Башкы штабдын жетекчилигинен берилген маалыматка караганда Сурда уланган операциялар убагында, бөлүүчү террор уюмунун мүчөсү болгон террористтер тарабынан куралдуу кол салуулар болуп 4 аскер жаракат алды.

Ооруканага жаткырылган жаралуу аскерлерден адис сержант Осман Өз менен адис эфрейтор Кадир Генч бардык аракетке карабастан куткарыла алган жок.

Башкы штаб төрагалыгы эртең менен Сурда жарадар болгон аскерлерден дагы бирөөнүн ооруканада көз жумганын жарыялады.

Тунжелиде да коопсуздук күчтөрү террористтерге карай кеңири масштабдуу операция жүргүзүп 6 баш калалоочу уясын таап алды.

Бул уяларда колго жасалуучу жарылуучу заттарды жасоодо колдонулган 7 даана баллон, кабелдер, көп сандаган ок дары жана медициналык шаймандар табылды.



Тектеш кабарлар