Түркия калкы шейиттери үчүн ыйлап жатат

Түркиянын чыгышындагы райондордо террор уюму ПКК менен айыгышкан кармаш болуп жатат.

430184
Түркия калкы шейиттери үчүн ыйлап жатат

Шырнакта түн ортосунда полиция тобунун автобусуна ракета атылып 1 полиция курман болду, 1 полиция жараланды.

Шаардын Идил районунда болсо Сирия чек арасынан Түркияга өтүүгө аракет кылган орто эсеп менен 10 кишилик ПККлык топ менен буларды байкап калган коопсуздук пунктунда кызмат өтөгөн аскерлердин ортосунда ок атышуу болуп, бир аскер шейит болду, бир капитан, 2 адис сержант жарадар болду.

Ал райондо 1-февралда ПККлык террористтердин бомбалуу тузагына түшүп жаракат алган полиция кызматкери Тайфун Йүже менен ошол эле күнү Диярбакырдагы Сур районунда жаракат алган адис сержант Хасан Талай да дарыланып жатышкан Гүлхане аскердик медициналык академиясында (ГАТА) кечээ көз жумду.

Улудере районунда болсо 3 кызматкер жумушка баруу үчүн автомобиль айдап бара жатканда жарылуу болуп, Ахмет Артты жана Дияр Ослу шейит болушту, Абдүлкерим Ослу жаракат алды.

Жизредеги атышууларда болсо полиция кызматкери Осман Йурт жана катардагы аскер Ведат Доланчай шейит болду. Анда эки аскер 1 полиция жарадар болду.

Акыркы кара кабар түн ортосунда Сурдан келди. Кечээ Диярбакырдын Сур районунда ПККлык террористтердин кол салуусунан жаракат алган бир аскер ооруканада көз жумду.



Тектеш кабарлар