Бул иш чаян менен баканын аңгемеси сыяктуу

Эрдоган Америка бийлиги террор уюму ПКК менен уландылары ПЙД жана ЙПГнын кылыктарын билбегендери үчүн Жакынкы Чыгышта кан көлдөп жатканын айтты.

430496
Бул иш чаян менен баканын аңгемеси сыяктуу

Президент Режеп Таййып Эрдоган Америка бийлиги террор уюму ПКК менен уландылары ПЙД жана ЙПГнын кылыктарын билбегендери үчүн Жакынкы Чыгышта кан көлдөп жатканын айтты.

Режеп Таййып Эрдоган Президенттик Сарайында 20-Айыл өкмөттөрү менен жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

Эрдоган бул уюмдардын кылыктарын көп жолу түшүндүргөн Америкалык жооптуу кызматтагылардын бетме-бет сүйлөшүүлөрүндө үн катпай калгандарын, бирок ары кеткенде «биз андай карабайбыз» дегендерин айтты.

Президент: «Эй АКШ, сиз бизге ПЙДны да ЙПГны да тааныта албайсыздар, биз буларды билебиз. Ал эми булардын эч бирин ушул күнгө дейре тааный алган жоксуңар. Алардын кылгандарын билбегениңер үчүн аймакта кан көлдөп жатат»,-деп айтты.

Сирияда 400 миң карапайым адамдын жанын аябастан жасалып жаткан пландын максатын абдан жакшы билгенин сөз кылган Эрдоган, курал таштоо баскычына келген бөлүүчү террор уюму ПККнын аймакта кайрадан кан көлдөтүшүнүн жана кыйратышынын аркасында кимдер турганын да абдан жакшы билгендерин айтты.

Америка бийлигинин ПЙД-ЙПГ мененби же Түркия мененби шериктеш болгонун дагы бир жолу сураган президент Эрдоган: «Бул иш чаян менен баканын аңгемеси сыяктуу. Бул чаян бир күнү сөзсүз аларды да чагат, анткени мүнөзү ошондой. «Душманымдын душманы досум болот» сыяктуу жөнөкөйлүк шериктештикке жарашпайт. Сирияда жасалып жаткан иштин аты мына ушундай», деген серебин салды.

Эми Түркиянын ички коопсуздугунун да бир бөлүгүнө айланган Сирия маселесинде, Анкаранын ар ким укуктуу жана рационалдуу боло турган чечим табуу сунуштарынын аткарылышынын да заманы келгенин белгилеген Эрдоган, сөздөрүн, «Террордун эми чек арадан ашкан күчүн көрмөксөнгө салып өз үйүндө, тынчтыкта жашай ала турганын ойлогондор, эч качан каалабайбыз, бирок жаңылгандарын көрүшөт. Түркияны террор менен, террор уюмдары менен күрөшүүдө жалгыз калтыргандар, ошондо бизди абдан жакшы түшүнүшөт, анда албетте кеч болот»,-деп улады.



Тектеш кабарлар