АКШ террористтер менен кызматташууда

Бул маселе боюнча Американын элчиси Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

429924
АКШ террористтер менен кызматташууда

Американын элчиси Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Кирби ПККнын уландысы ПЙДны террордук уюм катары карабагандарын билдирген.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Анкарадагы элчиси Жон Басс өлкөсүнүн бөлүүчү террор уюму ПККнын уландысы болгон ПЙД тууралуу жарыясынан улам Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Кеңешчи орун басары тарабынан кабыл алынган элчи Басска АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирбинин күндөгү маалымат жыйынында, "ПЙДны террор уюму катары карабайбыз" түрүндөгү сөздөрүнө тынчсыздануу билдирилди.

Бул жарыяга Түркиянын тышкы иштер министри Венгрияда жүргөндө каршылык көрсөткөн болчу. Чавушоглу: "Сиз азыр бир террор уюмун кара тизмеге киргизип андан бөлүнүп чыккан уландысын террор тизмесине киргизбей жатасыздар. Буга эмне дейбиз макоолукпу же башка нерсеби, бирок бул айтканыңар кабыл алынгыс"-деди.

Ошондой эле Чавушоглу: «АКШнын чечим чыгарышы керек, шериктеш катары бизди тандайбы же террор уюмун тандайбы?»-деп кошумчалады.

Буга кошумча АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирби бүгүн жаңы маалымат берди.

Анкарадагы Американын элчисинин Тышкы иштер министрлигине чакыртылышына токтолгон Кирби: «ПЙДга карата мамилебиз өзгөргөн жок»,-деди.



Тектеш кабарлар