Президент Эрдоган Түркмөнстанда

Президент Эрдоганды экономика министри Мустафа Элиташ, энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак менен билим берүү министри Наби Авжы коштоодо

406764
Президент Эрдоган Түркмөнстанда

Президент Р. Т. Эрдоган Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдык иш чарасынын негизинде өткөрүлө турган «Тарапсыздык конференциясына» катышуу үчүн кечээ Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатка барды.
Кечки сааттарда Ашкабатка барган Эрдоганды Ашкабат аэропортунда Түркмөнстандын айыл – чарба боюнча жооптуу министрлер кеңешинин төрага орун басары Эсенмурат Аразгелдиев, Түркиянын Ашкабат элчиси Мустафа Капужу менен Түркмөнстандын Анкарадагы элчиси Ата Сердаров жана башка жетекчилер тосуп алышты.
Улуттук кийимдерди кийген түркмөн балдар, Эрдоган учактан түшүп жатканда нан ооз тийгип тосуп алышты. Президент Эрдоганды экономика министри Мустафа Элиташ, энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак менен билим берүү министри Наби Авжы коштоодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар