Түркия-Катар визалары жоюлат

Эрдоган Катар менен визалардын эки жактуу түрдө жоюла турганын жарыялады.

357946
Түркия-Катар визалары жоюлат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Катар менен визалардын эки жактуу түрдө жоюла турганын жарыялады.
Эрдоган расмий сапар менен барган Катарда Эмир шейх Тамим бин Хамад ал Сани менен өз алдынча жолугушуу өткөрдү.
Андан соң уюштурулган делегациялар аралык жолугушууларда жаратылыш газ тармагынан баштап 15 келишимге кол коюлду.
Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, эки өлкөнүн ортосунда визалардын эки жактуу жоюлганын айтып, мунун акыркы мүнөттөгү жакшы жаңылык болгонун баса белгиледи.
Эрдоган: «15 келишимге кол коюп, жакшы жышаана баштадык. Министрлерибиз эки тараптуу түрдө өз тармагына кирген темаларда иштерин жүргүзүшөт. Андан соң президент жана мамлекет башчы катары жолугуп натыйжа чыгарабыз. 16-бир кадамды да таштадык. Ал да визалардын жоюлушу болчу. Кудум эле акыркы мүнөт кадамы катары Катар менен визаларды жокдук»-деди.
Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Ал Сани, андан соң президенттин урматына түшкү сый тамагын берди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар