Абадан коргоо боюна НАТОдон Түркияга колдоо

Йенс Столтенберг Англиянын союздаштыктын негизинде Түркияга учак, Германия менен Даниянын болсо Жер Ортолук деңизине тактикалык кемелерди жиберерин айтты

397719
Абадан коргоо боюна НАТОдон Түркияга колдоо

НАТОнун генералдык секретары Йенс Столтенберг Түркиянын коопсуздугу үчүн Жер Ортолук деңизине учактар жана аскердик кемелердин жиберилерин жарыялады. Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин пресс – жыйын өткөргөн Йенс Столтенберг Англиянын союздаштыктын негизинде Түркияга учак, Германия менен Даниянын болсо Жер Ортолук деңизине тактикалык кемелерди жиберерин айтты.
Столтенберг башка союздшатардан да ушуга окшогон убадалардын берилишин күткөнүн, Түркияга бериле турган бул убадалардан кээ бирлеринин бир канча жуманын ичинде орундатыларын айтты. Тышкы иштер министрлери жыйынында чек араны бузган Орусия учагынын түрк Ф -16лар тарабынан атып түшүрүлүүсүн сүйлөшүшөрүн белгилеген НАТОнун баш катчысы : «Түркиянын жеринин бүтүндүгүн жана аба мейкиндигин коргоо укугу бар»,- деди. Столтенберг араздашуулардын азайтылышы боюнча тараптарды да эскертип: «Москва жана Анкаранын арасында түздөн түз диалогду колдойбуз»,- деди. Жыйында Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы абалдар менен глобалдык коалициянын террордук уюм ДЕАШка карата чаралары каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар