Эрдоган-Обама сүйлөшүүсү
Обама телефондогу сөзүндө Түркиянын улуттук коргонуу укугунун АКШ жана НАТО тарабынан колдоого алынганын айтты.
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама менен кечээ кечинде телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Анда Түркиянын аба мейкиндигин бузуп кирген орус учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшү тууралуу пикир алмашылды.
Обама телефондогу сөзүндө Түркиянын улуттук коргонуу укугунун АКШ жана НАТО тарабынан колдоого алынганын айтты.
Эки лидер ушул сыяктуу окуялардын кайталанбоосун кепилдикке ала турган түзөтүүлөрдүн жасалышы жана чыңалууну басаңдатуу темасында бирдей пикирде болгондорун билдиришти.
Анда Сирияда өткөөл мезгилди камсыздоо үчүн ДЕАШка карай биргелешип күрөш жүргүзүүнүн улантылышы боюнча чечкиндүүлүк тастыкталды.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718969141)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.