Түркия атып түшүргөн Орус учагы тууралуу...

Түркия берген маалыматтарга карабастан Орусиянын медиасы бурмалоо кылып жатат.

368267
Түркия атып түшүргөн Орус учагы тууралуу...

Сириянын Байырбужак аймагында Түркиянын чек арасына жакын жерде SU-24 үлгүсүндөгү орус учагынын Түрк аба мейкиндигине кирип кетишинин себебинен «коркунучка каршы аскердик жооп берүү эрежелеринин» алкагында атып түшүрүлдү.
Президенттик маалымат булактары Түркиянын аба мейкиндигин бузуп киргени жана эскертүүлөргө да көңүл бурбаганы үчүн «коркунучка каршы аскердик жооп берүү эрежелеринин» алкагында атып түшүрүлгөн учактын SU-24 үлгүсүндөгү орус учагы болгонун белгиледи.
Түркиянын Сирия чек арасында чек араны бузуп кирген учактын түшүрүлүү жагдайын кылдат байкаган президент Режеп Таййип Эрдоган, башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акардан окуяга байланыштуу маалымат алды.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу болсо Сирия чек арасында болуп жаткандарга байланыштуу башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар жана тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу менен бир-бирден телефон байланышын курду.
Премьер-министрлик маалымат борбору Давутоглунун буйругу менен НАТО, Бириккен Улуттар Уюму жана тийиштүү өлкөлөр багытында Тышкы иштер министрлигинин керектүү киришүүлөрдү жасай турганын жарыялады.
Башкы штабдын жарыясында да, «Саат 9:20 чамаларында Хатайдын Йайладагы аймагында Түрк аба мейкиндигин бузуп кирген кимге таандык экени белгисиз бир учак 5 мүнөттүн ичинде 10 жолу эскертилгенине карабастан Түрк аба мейкиндигин бузуусун уланткан»-делди.
Анда «Сөзү болгон учакка «коркунучка каршы аскердик жооп берүү эрежелеринин» алкагында 2015-жылы саат 9дан 24 мүнөт өткөндө абада күзөт учууларын аткарып жаткан эки даана F-16 учагыбыз тарабынан атылды» деген сөздөргө орун берилди.
Учак түшкөн Йайладагында чачыраган деталдардан эки киши жаракат алды.
Бир тараптан Орусиянын коргоо министрлиги Түрк аба мейкиндигине кирбегенин, Сирияда бир учагы түшүрүлгөнүн божомолдоп жаткандарын, ал эми учкучтары дайынсыз экенин жарыялады.
Орусиянын Коргоо министрлиги «учактын кургактыктан атылганын» алдыга койду.
Түркиянын Башкы штабы туура маалыматты бергенине орус тарабы ишенбөөчүлүк менен мамиле кылууда.

Эске сала кетсек Орусиянын учактары мындан мурда да бир канча жолу Түркиянын аба мейкиндигине кирип кеткендиктен Тышкы иштер министрлиги тарабынан Орусияга нота берилген жана ушундай жагдайдын экинчи кайталанбоосу боюнча эскертилген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар