Түркия Парламентинин төрагасы шайланды

Исмаил Кахраман Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында 3-айлампада 316 добушка ээ болуп парламент төрагалагына шайланды.

420932
Түркия Парламентинин төрагасы шайланды

АК партиянын Стамбул эл өкүлү Исмаил Кахраман Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Төрагасы болуп шайланды.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин жалпы жыйынында 3-айлампада 316 добушка ээ болуп парламент төрагалагына шайланган Кахраман, 1995 жана 1999-жылдардагы эл өкүлдөрүн шайлоодо 20 жана 21-чакырылыштарда Стамбул эл өкүлү катары Парламентте орун алды.
1996-1997-жылдарда «54-Рефах-Йол өкмөтүндө» маданият министри болгон Кахраман, андан соң АК партиянын борбордук тартип кеңешинин төрагалыгы кызматын аркалады.
Кахраман, 1-ноябрдагы шайлоолордо АК партияда мурдагы жылдарда президент Режеп Таййип Эрдоган талапкер көрсөткөн Стамбулдун 1-аймагынан биринчи катарда эл өкүлү болуп шайланды.
Парламентинин төрагасы Кахраман, ыраазычылык билдирүү сөзүндө, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагалыгы сыяктуу улуу милдеттин өзүнө ишенип берилгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Кахраман бул мезгилде жасай турган иштердин улуттун эсендигине, ынтымагына, бакытына, мамлекеттин бардык жагынан дагы да өнүгүүсүнө салым кошуусун тиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагалыгына шайланган Исмаил Кахраманга телеграф жөнөтүп, куттуктады жана ийгилик каалады.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу да социалдык бөлүшүү барагы твиттердеги эсебинен, «Бул жолдо чоң эмгектерди жумшаган Стамбул эл өкүлү урматтуу Исмаил Кахраман мырзаны Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагалыгына шайлангандыгы менен куттуктаймын»-деген ойлорун бөлүштү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар