Түркия - Сирия ДЕАШ операциясы

Түркия – Сирия чек арасында кооптуу аймак түзүү үчүн биринчи кадам ташталды

420068
Түркия - Сирия ДЕАШ операциясы

Түркия – Сирия чек арасында кооптуу аймак түзүү үчүн биринчи кадам ташталды. Сириялык оппозициячылдар Халептин түндүгүндө Түркия – Сирия чек арасындагы ДЕАШтын көзөмөлүндөгү айылды колго алды.
Оппозициячыл топтордон түркмөндөргө таандык Султан Мурад полку жана орток кыймыл кылган Дамаск фронту, түрк жана Америка учактарынын колдоосунда кургактык менен алдыга жылып, ДЕАШтын колундагы Харжеле жана Делхага кирди.
Түркияга таандык Ф – 16 жана АКШга таандык төрт Ф -15, бир АС – 130 жана 3 учкучсуз аба унаасы абадан жардам берген операцияда оппозициячыл топтор террордук уюмду эки түркмөн айылынан чыгарды. Түнү менен жүргүзүлгөн кагылышууларда 70тен ашуун ДЕАШ террористти өлтүрүлдү.
Коопсуздук булактары тактикалык деңгээлде алынган ийгиликтин ДЕАШтын мындан кийин мизинин майтарылуусу, оппозициячылдардын согуштук жөндөмдүүлүгүн арттыруусу, ДЕАШты чөлгө камоо менен чек ара коопсуздугунун түзүлүшүнө жардамчы болоруна көңүлдөрдү бурду. Ошол эле учурда ДЕАШтан куткарылган Синжарга да кайтуулар башталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар