Меркель Түркия менен келишимдин түзүлүүсүн суранды

Меркель качкын санынын азайтылуусу үчүн да Европа Биримдигинин тышкы чек араларынын коргоого алынуусу керектигин айтты

420074
Меркель Түркия менен келишимдин түзүлүүсүн суранды

Германиянын канцлери Ангела Меркель Сириядан Европага качкындар агымы маселесинин чечилүүсү тууралуу Түркия менен келишим түзүүгө муктаждыктын бар экенин айтты. Меркель Мюнхенде сүйлөгөн сөзүндө Европага келген качкын санынын азайтылуусунун эл аралык деңгээлдеги чечүүчү жол менен ишке ашарын белгиледи. Чоң маселенин Европа Биримдиги зыян тартпастан чечилүүсү керектигин айткан Меркель качкын санынын азайтылуусу үчүн да Европа Биримдигинин тышкы чек араларынын коргоого алынуусу керектигин белгиледи. «Биз Түркия менен келишим түзүүгө муктажбыз»,- деген Меркель НАТО мүчөсү жана Европа Бирмдигине талапкер болгон Түркия менен Грециянын арасындагы чек арада мыйзамсыз көчкө бөгөт болуу керектигин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар