ДЕАШ ичкериден жана тышкарыдан коркунуч туудурууда

Эрдоган жаңы конституциянын жана президенттик башкаруунун элдик добушка коюлушун сунуштады.

419007
ДЕАШ ичкериден жана тышкарыдан коркунуч туудурууда

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган террор уюму ДЕАШтын ичкериде дагы тышкарыда дагы коркунуч туудурганын айтты.
Эрдоган: «Ошондуктан буга каршы биздин дагы коалициялык күчтөр менен чогуу бир кадам ташташыбыз керек. Бул жасалат. Качан жасала турганы өзүнчө бир тема»-деп айтты.
Эки жеке менчик телеканалдын биргелешкен берүүсүнө катышкан президент күн тартипке байланыштуу ачыктоолорду жасады.
Террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү баса белгилеген Эрдоган, аймакта күчөп кеткен террорго каршы мамлекет натыйжа алганга чейин күрөшүүсүн уланта турганын айтты.
Президент: «Бул өлкөдө буюрса террор эмес, бир туугандык басымдуулук кылсын. Улуттук биримдигибиз басымдуулук кылсын деймин жана бардыгыбыз бирге Түркия үчүн эмгектенүүбүздү уланталык деймин»-деп айтты.
Жаңы конституция талаштарына да токтолгон Эрдоган бул тема менен президенттик башкаруу системасы темасынын элдик добушка салына турганын белгиледи.
Президенттик башкаруу системасынын талкууга алынышы керектигин белгилеген президент Эрдоган, «Муну ортого салалы улут, саясатчылар талкууласын, өлкөбүзгө пайда алып келеби, зыян алып келеби чогуу көрөлү, мындан эмнеге тартынабыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар