36 өлкө менен авиация келишими түзүлдү

Дүйнөлүк авиация уюмунун бул жылы сегизинчиси өткөрүлгөн Авиация сүйлөшүүлөрү конференциясы 95 өлкө катышты

398282
36 өлкө менен авиация келишими түзүлдү

Түркия Эл аралык авиация сүйлөшүүлөрү конференциясы ICAN 15тин негизинде 36 өлкө менен эки тараптуу авиация, транспорт келишимине кол койду.
Дүйнөлүк авиация уюмунун бул жылы сегизинчиси өткөрүлгөн Авиация сүйлөшүүлөрү конференциясы 95 өлкөнүн катышуусу менен ушул күнгө чейин өткөрүлгөн эң жогорку катышуучу болгон Дүйнөлүк жарандык авиация уюмунун иш чарасы болду.
Түркия бул иш чаранын негизинде жалпы 52 өлкө менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, булардын 36сы менен эки тараптуу авиация келишимине кол койду.
Азыркы учурдагы келишимдердин жыштыктардын өсүшү жана жаңы каттам жерлерин кошумчалай тургандай түрдө түзүлгөнү жана бул келишимдер менен Түркия 300дөн ашуун жумалык кошумча каттамдарын көбөйтүү жана 25тен ашуун жаңы каттам жерлерине жетишүү укугуна жетишти.
Дүйнөлүк авиация уюмунун кийинки авиация сүйлөшүүлөрүнүн жыйыны 2016 - жылы Доминик республикасында өткөрүлүүсүнө чечим чыгарылды.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар