Террор менен күрөшүү чечкиндүү түрдө уланат

Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышында өлкөдөгү, аймактагы жана дүйнөдөгү маселелер кеңири каралып чыкты.

396260
Террор менен күрөшүү чечкиндүү түрдө уланат

1-ноябрдагы парламенттик шайлоолордун алдындагы акыркы Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышы өттү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жетектеген жыйналышта террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк баса белгиленди.
Жыйналыштан кийинки маалымдоодо террордук акцияларды кылган уюмдар жана алардын уландылары менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганы баса белгиленди.
Жыйналышта Анкарадагы террордук кол салуу, жүргүзүлүп жаткан соттук жана администрациялык териштирүүнүн алкагында ар тараптан каралып чыкты.
Сириядагы абалдар да кеңири каралган жыйналышта, бөлүүчү террор уюму ПККнын Сириядагы уландыларынын эл аралык аренада террордук уюмдун алкагында катталышы керек экени баса белгиленди.
ДЕАШ террор уюмуна каршы күрөшүүдө да чечкиндүүлүк баса белгиленди. Сириядан келгендер да кеңештин күн тартибинде болчу.
Баш калкалоочулар маселесине байланыштуу эл аралык коомчулуктун чынчыл кадамдарды таштоосу керектиги баса белгиленди. Жүк бөлүшүүнү адилеттүү жана кеңири түрдө аткаруу муктаждыгына көңүл бурулду.
Йемен, Ливия жана Египет баштаган Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы абалдар менен катар Кипрдагы сүйлөшүү процесси да талкууланды.
Айрыкча Израилдин адамзаттыктын орток мурасы Иерусалим шаары жана Месчиди Аксадагы зомбулук кыймылдарынын кабыл алынгыс экендиги белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар