Изилдеген сайын ПКК жана ДЕАШтын изине туш болуудабыз

Давутоглу Анкарада ишемби күнү болгон кол салуунун шектүүлөрүнүн бир топко Сирияда калгандары белгиленгенин жарыялады.

392470
Изилдеген сайын ПКК жана ДЕАШтын изине туш болуудабыз

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Анкарада ишемби күнү болгон кол салуунун шектүүлөрүнүн бир топко Сирияда калгандары белгиленгенин жарыялады.
Премьер-министр окуяга байланыштуу изилдөө тереңдешкен сайын террордук уюмдар ПКК жана ДЕАШтын таасирдүү ролду милеттенишкендери белгилүү болгонун айтты.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Болгар кесиптеши Бойко Борисов менен Стамбулда жолугушту.
Жолугушуудан кийин биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берген премьер-министр Ахмет Давутоглу Анкарадагы мыкаачылык кол салууга байланышы болгондордун сотко тапшырыла турганынан эч кимдин шек санабашы кректигин айтты.
Давутоглу Түркиянын 20-июлдан тартып ПКК жана ДЕАШтын террористтик кол салууларына дуушар болгонун эске салды.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу: «Анкарадагы кол салуунун изилдениши тереңдеген сайын, ДЕАШ жана ПККнын издерине туш келдик. ПКК өлкөбүздө жакынкы убакта ондогон жараныбызды кырып салды. Бүткүл террордук уюмдарга бирдей эле мамиле кылынат. ПКК жана ПЙДнын органикалык байланышы белгилүү. Кандилден качкандар ПЙД менен бирге кыймыл кылууда. Кантип АКШ, Аль-Каида менен күрөшүп жатканда ага байланышы болгон бардык топтор менен күрөшсө, биздин да ПКК менен күрөшүп жатканда аны менен байланышы болгон топтор менен да күрөшүү укугубуз бар. Бүгүн ПЙДга берилген куралдардын эртең ПККнын колуна өтпөй турганынын эч ким кепилдигнин бере албайт. Ал үчүн мамилебиз белгилүү. Түркия өзүнө согуш жарыялаган террор уюмдары менен байланыш түзүлүшүнө уруксат бере албайт. Бул темада мамилебизди АКШ жана Орусия менен бөлүштүк»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар