Адилеттик жана өнүгүү партиясынын декларациясы

Премьер-министр Ахмет Давутоглу декларациясын «адам сыймыгын негиз кылып алган, реформачыл, жергиликтүү, жаңычыл, камтуучу» деп сыпаттады.

350076
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын  декларациясы

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси жана премьер-министр Ахмет Давутоглу партиясынын 1-ноябрдагы шайлоолор үчүн декларациясын жарыялады.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын декларациясын «адам сыймыгын негиз кылып алган, реформачыл, жергиликтүү, жаңычыл, камтуучу» сыпаттары менен мүнөздөгөн Давутоглу, ачыкталган максаттардын Түркияны жогорку орто кирешелүү топтон жогорку кирешелүү топко алып чыга тургандай даражада болгонун сөз кылды.
Анда убадаларындагы маанилүү темалардан биринин террор менен күрөшүү жана чечүүчү жол процесси болгонун белгилеген Өкмөт башчы; «Бардык куралдар ташталганга дейре, үстүнө бетон төгүлгөнгө дейре бул күрөшүбүз уланат. Террордун артындагы чыккынчы күчтөр, чечим табылышынан тынчсызданып жатышат»-деди.
Декларацияда экономикалык убадалардын арасында эң төмөнкү айлыктын жогорулашы көңүл бурду. Давутоглу: «Эң төмөнкү айлыкты 1300 лирага чыгарабыз»-деди.
Шайлоо декларациясында төрөт жардамы да орун алды. Буга ылайык бардык энелерге төрөт белеги программасынын алкагында алгачкы бала үчүн 300 түрк лирасы, экинчи бала үчүн 400 түрк лирасы, 3 жана андан көп балдар үчүн 600 лира белек берилмекчи.
Декларацияда пенсиядагыларга да сүйүнчүлөр берилди. Бардык пенсионерлерге ай сайын 100 лира, жылда 1200 лира кошумча акы төлөнөт.
Мамлекеттик жана сот тармагында да көп сандаган түзөтүүлөр декларацияда орун алды. Буга ылайык жаңы бир конституция даярдалат. Жаңы саясий партиялар мыйзамы чыгарылат.
Саламаттык сактоо тармагында да иштегендердин өздүк укуктары кайрадан түзөтүлөт жана айрым рак түрлөрүнөн баштап ооруну эрте белгилөө үчүн изилдөөлөр көбөйтүлөт.
Бардык мектептерде толук бир күн билим берүүгө өтүлүшү да декларацияда орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар