Эрдоган Пан Ги Мун менен сүйлөштү

Президент Эрдоган Пан Ги Мундун Антальяда боло турган чоң жыйырмалар саммитинде да күн тартибине келүүсү боюнча макулдашышты

348662
Эрдоган Пан Ги Мун менен сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө террор менен күрөшүү, качкындардын трагедиясы жана Антальяда өткөрүлө турган чоң жыйырмалар саммитинин күн тартиби сөз болду. Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Түркияда акыркы жумаларда болгон террордук кол салуулардан терең санааркаганын белгиледи жана террордук кол салууда каза болгондор үчүн Эрдоган жана бардык түрк калкына көңүл айтты. Баш катчы Пан Ги Мун террор менен жана ашыкча топтор менен күрөшүүдө Түркияга колодоо беришкендерин да баса белгиледи. Сүйлөшүүдө президент Эрдоган башта ПКК жана ДЕАШ болуу менен бардык террордук уюмдарга каршы чечкиндүү күрөшүшөрүнө көңүлдөрдү бурду жана качкындардын трагедиясы тууралуу да Түркиянын эң көп жүк алган өлкө экенин эске салды. Президент Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун бул темалардын Антальяда боло турган чоң жыйырмалар саммитинде да күн тартибине келүүсү боюнча макулдашышкандары белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар