Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн операция баллансы

Түрк Куралдуу Күчтөрүнөн террордук уюмга оор сокку

336469
Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн операция баллансы

Коопсуздук күчтөрү 22 - июлдан баштап жүргүзгөн операцияларда 771 террористти таасирсиз абалга алып келип, 750гө жакын террорист да жараланды.
Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү буталарга карата абадан жүргүзгөн операцияларында  террордук уюмдун 430 мүчөсү өлтүрүлдү.
Өлкө ичинде болгон операцияларда болсо 260ка жакын террорист кыймылсыз абалга алып келинди. Жүргүзүлгөн аба операцияларында 750 террорист да жараланды.
Түркия – Ирак чек арасына жакын жердеги Карачалы аймагында ПКК лагерлерине карата абадан жүргүзүлгөн операцияда 2 группага бөлүнгөн 18 террористтин өлтүрүлгөнү белгиленди. Уюмдун борбору болгон Кандил да дайыма байкоо астында.
Коопсуздук булактары террористтер кайрадан Кандилде чогула турган болсо Мехметчиктин бул жерге кайрадан операция жүргүзө турганын белгиледи. Бир тараптан расмий булактар операцияларда өлтүрүлгөн жана сөөгү так далилденген террордук уюмдун мүчө санын 81 деп билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар