Давутоглу министрлер менен кеңешти

Жыйналышта да мындан кийинки процесс кеңири каралды.

334996
Давутоглу министрлер менен кеңешти

Министрлер кеңеши премьер-министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде Чанкая сарайында чогулду.
Давутоглу өкмөттү куроо милдетин президент Эрдоганга мурда күнү өткөрүп берди. Жыйналышта да мындан кийинки процесс каралды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого баруу жана убактылуу министрлер кеңеши ыктымалдуулуктары күн тартипте турат.
Террор уюмуна карай жүргүзүлүп жаткан операциялар жана аймактагы абалдар да Министрлер кеңешинде каралды.
Өкмөт башчы Давутоглу жыйналыштын алдында жаңы командирлик кызматтагыларды кабыл алды. Жолугушууга башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, кургактык күчтөрү командири, армия генералы Салих Зеки Чолак, аба күчтөрү командири, армия генералы Абидин Үнал, деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Бүлент Бостаноглу жана жандармерия башкы командири, армия генералы Галип Менди катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар