Балыкесир жана Чанаккаледе 497 киши кармалды

Балыкесирдин Айвалык районунда Сирия, Иран, Афганстан, Мьянма жана Эритрея тектүү 257 киши кармалды

319727
Балыкесир  жана Чанаккаледе 497 киши кармалды

Шиширилген эки паром менен мыйзам тышы жолдор менен Грециянын Мидилли аралына барууну каалаган 130 киши жээк коопсуздук командирлигине караштуу топтор тарабынан Айвалык жакындарында кармалды. Бул окуядан кыска убакыттан кийин топтор Маден аралынан жарым сааттык убакыт менен эки шиширилген паром менен Эгей деңизине чыккан Сирия жана Афганстан тектүү 127 киши кармалды.
Чанаккаленин Айважык районунда да мыйзам тышы жолдор менен Грециянын Мидилли аралына өтүүгө даярданган 240 киши, Айважык жандармерия командирлигинин топтору тарабынан жээктеги оливка талаасында кармалды. Кишилердин 134тү Сирия, 104тү Афганстан жана экөөсү Эритрея тектүү экени белгиленди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар