9- президент Демирел дүйнөдөн кайтты

Түрк саясатынын шляпалуу «атасы» Сүлейман Демирел 91 жашында дүйнөдөн кайтты

306898
9-  президент Демирел дүйнөдөн кайтты

9 - президент Сүлейман Демирел дем алуу жолу инфекциясы жана жүрөк оорусу менен Анкарада дарыланып жаткан ооруканада каза болду. 40 жылдан ашуун саясий турмушунда өзүнүн айтуусу менен «алты жолу чыккан премьер – министрликке жети жолу келген» партиянын лидери, түрк саясатынын шляпалуу «атасы» Сүлейман Демирел 91 жашында дүйнөдөн кайтты.
Алгачкы жолу 1962 - жылы «Адилеттик» партиясы менен саясатка кирген Демирел партиянын борборуна жасалган кол салуудан кийин активдүү саясаттан бир канча убакыт алыстайт. 1965 - жылы кайрадан саясатка келген Сүлейман Демирел «Адилеттик» партиясынын Спарта депутаты катары биринчи жолу парламентке кирет. Ошол эле жылы Түркия республикасынын 30 - өкмөтүн куруп, 41 жашында Түркиянын 12 - премьер – министри болот. 1971 - жылы 12 - мартта аскердик зомбулук болду жана Демирел арызын берди.
Демирел 1971 - жылдагы меморандум жана 1980 - жылдагы зомбулуктун арасында 3 жолу коалиция өкмөтүн курду. Бир канча убакыт абакта жаткан Демирел 1987 - жылга чейин 7 жыл саясаттын тышында калды. 1987 - жылы 6 - сентябрда болгон элдик добуш берүү менен тыюу салуусу соңуна чыкты жана 24 - сентябрда да «Туура жол» партиясынын лидери болду.
1991 - жылы 20 - октябрдагы шайлоодо Туура жол партиясы менен Социалдык элдик демократ партиясы коалиция курган Түркия Республикасынын 49 - өкмөтүндө премьер – министр болду. Демирелдин саясатында акыркы аялдама Чанкая сарайы болду. 1993 - жылы 16 - майда парламент тарабынан 9 - президент болуп шайланды. 7 жылдык кызматынан кийин кызматын Ахмет Неждет Сезерге өткөрүп берди.
1965 – 1993 - жылдардын ортосунда 7 башка өкмөттө жалпы 10 жыл 5 айлык мөөнөт менен премеьр – министрлик кызматын аткарган Сүлейман Демирел президенттик кызматын аяктагандан кийин активдүү саясатты таштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар